YT Tasty - шаблон joomla Продвижение

Макалалар

Кишинин мүнөзүн телефон коңгуроосуна карап аныктаңыз

Кимдир бирөөнүн мүнөзүн жакшыраак билгиңиз келеби? Андай болсо, анын телефон коңгуроосунда кандай музыка тураарына  маани бериңиз.  Эгер билсеңиз,  дал ошол рингтон адам тууралуу көп маалыматтарды  бере алат☺

Коңгуроосунда төмөндөгүдөй музыка турса:

Шайыр  жүргөн адамдар коңгуроосуна  өздөрү сыяктуу шок, динамикалуу музыкаларды же тамашалуу ырларды коюп алышат.  Алар дайым жылмайып жүрүп, катуу сөздү көтөрө алышпайт. Андыктан мындай мүнөз ээлерине  дал ушундай коңгуроо жарашат десек болот. Мээримдүү, ишенчээк дайыма жардамга даяр турушат. Мындай кишилер чыр-чатактан оолак болуп, көпчүлүк менен бат тил таба алышат.

Бирок бир кемчилиги – мындайлар жоопкерчиликсиз.

Үнсүз режим. Ал бирөөгө катуу сүйлөөнү жактырбайт. Ар дайым сылык-сыпаа, сабырдуу. Сүйүүдө өтө сезимтал. Алар кандай учур болбосун кимдир бирөөнү  күнөөлөй беришпейт.

Кемчилиги– көпчүлүктү жактырбайт.

Ар адамга ар башка рингтон. Бул адам гаджеттер менен өтө жакшы дос. Ал колдонгон телефон дагы акыркы үлгүдөгүдөн болоору бышык. Мындай адамдарга ишеним артсаңыз болот. Алар өзүнө аябай тың. Эгер алар менен жакшы мамиле түзүүнү кааласаңыз, сизден бир гана сабырдуулук жана чыдамкайлык талап кылынат.

Кемчилиги – тамаша түшүнбөйт.

Стандарттык музыка. Мындай адамдын ак көңүл экендигинен күмөн санабасаңыз да болот. Бул коңгуроо ээлери үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат.

Кемчилиги – кишини тажатып жиберишет.

Куштардын сайраганы же романтикалык жай музыка. Мындай коңгуроо коюп жүргөндөр өтө сезимтал, кең пейил адамдар болушат. Үй-бүлөөсү менен жакындарына камкор. Алар абдан ишенимдүү дос болуп бере алат.

Кемчилиги – Тарынчаак, өтө боорукер.

А сиздин телефонуңузда кандай музыка турат?

Beautiful
 

Свадебный салон
Beautiful

г. Ош ул. Ленина 349.
ориентир напротив Телеком
Тел: 0708 34 00 00
Visage
 

Свадебный салон
"Visage"

г. Ош ул. Курманжан-Датка 110.
ориентир напротив школы Ага-Хана
La Sposa
 

Салон красоты
"La Sposa"

г. Ош. пр. Масалиева 1А
Тел: 0706 11 22 00