YT Tasty - шаблон joomla Продвижение

Макалалар

Той сүрөттөрү үчүн ыңгайлуу жайлар

Той сүрөттөрү үчүн ыңгайлуу жайлар1. Ар бир баш кошкон жубайлардын үлпөт тоюнда, сөзсүз түрдө Сулайман – Тоодо түшкөн сүрөтү болушу керек эле. Буга чейин үлпөт тою болгон жаштардын көбү музейдин жанында дал ошондой сүрөткө түшүүнү адатка айлантышкан. Бирок акыркы кездердеги үлпөт тойлордо “Алымбек Датка” эс алуу комплексинде сүрөткө түшүп калышты.

2. Оштогу жаш жубайлар борбордук аянттагы Лениндин эстелигине гүл койбосо да, тойго чыккан картеждер сөзсүз түрдө ал жакка барышат. Анткени эстеликке катарлаш жашыл чөптүү кооз жай бар, дал ошол жактан мыкты той сүрөттөрүн тартып келишет.

 

3. Ал эми түбөлүк от да дал ошол аянтка жакын жайгашкандыктан ал жакка да сүрөткө түшүү үчүн көп барышат.

 

4. Андан сырткары жаш жубайлар Манас эстелигине барып бактылуу, эсте калаарлык көз ирмемдерди калтырышат. Бирок Манас эстелиги жайгашкан жердин өзгөчөлүгүн айта турган болсок, ал жерде жубайлардын достору үчүн бийлөө жайы да бар.

 

5. Сүрөткө түшүү үчүн дагы жаштардын эн эле сүйүктүү жайларынын бири , Ош шаарынын кире беришиндеги дарбазасы. Бул жердин расмий аталышы Кыргызкөчү тарыхый комплекси. Бирок бул жерди жергиликтүү тургундар “Арка” деп атап коюшат. Дубалдары ар түрдүү мозаикалар менен кооздолуп, дарбаза боз үйдүн стилинде жасалган.

.

 

6. Бул жылы Ош шаарындагы Космонавттар паркында оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, кайрадан той сүрөттөрүн тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул жердеги көп жылдык дарактардын көлөкөсү үлпөт сүрөттөрүнө өзгөчө кооздук берип турат.

 

7. Үлпөт тою болгон жаштардын көбү эле Чынар эс алуу багына келип, сүрөткө түшүшөт. Анткени дал ушул жерден көп жылдык бак-дарактарды кезиктирүүгө болот. Бул жерде тартылган сүрөттөр, жаш жубайларга узак убакытка бирге болууга жардам берет деген кептер да бар.

 

Beautiful
 

Свадебный салон
Beautiful

г. Ош ул. Ленина 349.
ориентир напротив Телеком
Тел: 0708 34 00 00
Visage
 

Свадебный салон
"Visage"

г. Ош ул. Курманжан-Датка 110.
ориентир напротив школы Ага-Хана
La Sposa
 

Салон красоты
"La Sposa"

г. Ош. пр. Масалиева 1А
Тел: 0706 11 22 00